Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси: НАТО Зеленскийдин отставкасын каалоодо

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери көшөгө артында Украина президенти Владимир Зеленскийдин отставкасын талап кылып жатышат. Бул тууралуу Пентагон башчысынын мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор Stephen Gardner YouTube каналына маек куруп жатып айтты.
"Менимче, Зеленский менен өзүнчө жолукканда баары анын кызматтан жүзүн жоготпой кетиши керек экенин айтып жатышса керек. Батыш анын ордуна Украинанын калган-катканын башкара турган ишенимдүү адамды карап жаткандай", — деди Макгрегор.
Ал Зеленскийдин ордуна келе турган киши Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоосу керек болорун кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон жетекчиси: АКШнын Украинага бере турган "алтын таякчасы" жок