Бир нече адам кылмыштуу идеядан баш тартты. Бири депутаттын атасы экени айтылууда

Атайын кызмат кылмыштуу чөйрөдө жүргөн бир нече адамдын видеосун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Хасан ата жана Прокурор деген каймана ат менен белгилүү Ильяскожо Ажибаев кылмыштуу идеялардан баш тартты. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Бул киши Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы экени айтылууда.
Атайын кызмат Баткендеги бир нече адамдын мыйзамсыз аракеттерден жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экенинен баш тарткан видеону жарыялады. Анын арасында Ажибаев да бар. 59 жашта, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган.
Мындан сырткары, кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Равшан тентек, Голова, Илюха деген каймана аты бар жарандар мүчөлүктөн баш тартканын айтышкан.
Ташиев: Женго экранга сүйлөп койгону менен кримдүйнөдөн баш тартпаптыр