Кайрымдуулук фонд рак менен ооруган балдарга 324 миң сомдук дары чогултуп берди

Жардамга 120 химиотерапиялык флакон: холоксан, винкристин жана аспаргеназа берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Балдардын дүйнөлүк күнүнө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда "Эл биримдиги" кайрымдуулук акциясы өттү.
Бул күнгө карата Help The Children SKD кайрымдуулук фонду рак оорулары менен жабыркаган балдарга 324 миң сомдук дары-дармек алып бергенин билдирди. Анда 120 химиотерапиялык флакон: холоксан, винкристин жана аспаргеназа бар. Фонддун президенти Елена Конева бул демөөрчү компаниянын көмөгү менен ишке ашып жатканын белгиледи.
1 / 2

Балдардын дүйнөлүк күнүнө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда "Эл биримдиги" кайрымдуулук акциясы өттү.

2 / 2

Бул күнгө карата Help The Children SKD кайрымдуулук фонду рак оорулары менен жабыркаган балдарга 324 миң сомдук дары-дармек алып бергенин билдирди.

Мындан сырткары, медициналык оксигенератор (операциядан кийин дем алуу кыйындаганда, нур терапиясынан кийин жана алсырап турган учурда бейтапты реабилитациялоодо колдонулат), 19 донордон кан алууга маалым кат берилген. Ошондой эле 100 бала чакан белектерди алып, азык-түлүк да тапшырылган.
Аны менен катар жашыл зона ачылып, ар бир меценат, ыктыярчынын аты жазылган 21 көчөт отургузулган.
Бишкектеги супермаркеттерге коюлган бокстарда жыл башынан бери бир миллион сомго чукул каражат чогулган. Коневанын айтымында, анын 620 сому Жал кичирайонунда жайгашкан балдар ооруканасынын короосундагы балдар аянчасын курууга кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга жеткен.
Өлкөдө эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө. Дарыгерлерден аялдарга кулак кагыш