Газа секторуна рекорддук көлөмдөгү гумжардам келди

Катардын ортомчулугунун аркасында Израиль менен ХАМАС төрт күнгө согуштук аракеттердин баарын токтотуп, туткундарды бошотууга макулдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы ишемби күнү Газа секторуна ири көлөмдөгү гуманитардык жардам келгенин кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Газанын түндүк бөлүгүнө гумжардам жүктөлгөн 61 жүк ташуучу автоунаа кирди. Бул 7-октябрдан берки эң ири колдоо болуп саналат", — деп жазылат башкармалыктын кабарында.
Маалыматта секторго азык-түлүк, суу, ошондой эле 129 миң тонна күйүүчү май жеткирилгени айтылды. Мындан тышкары, "Аш-Шифа" ооруканасына эвакуациялоого жардам берүү үчүн 11 тез жардам унаасы, үч автобус жеткирилген. Буга кошумча, Израилдин Ницана айылынан Газаны көздөй 200 автоунаа чыкканы айтылды.
Эскерте кетсек, шаршемби күнү Катардын ортомчулугунун аркасында Израиль менен ХАМАС төрт күнгө согуштук аракеттердин баарын токтотуп, туткундарды бошотууга макулдашканы белгилүү болгон. Бул согуш чыккан 7-октябрдан берки эң масштабдуу элдешүү болуп саналат.
Израиль бошотулгандардын арасында мурда каза болду делген кыз бар экенин билдирди