Токтогул ГЭСинде шеригин атып качып кетти делген жоокер гауптвахтага камалды

Жалал-Абад шаардык соту 21 жаштагы жигиттин баш коргоо чарасын тандады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чогуу аскер кызматын өтөп жаткан шеригин өлтүрүүгө шектелген жоокер Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга укук коргоо органдарындагы маалымат булактар билдирди.
21 жаштагы У.Б. аттуу шектүүнүн баш коргоо чарасын Жалал-Абад шаардык соту карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, 20-ноябрда Токтогул ГЭСинде ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери аны менен кошо кызмат өтөп жаткан куралдашын атып алганы айтылган. Бул окуядан кийин ал курал менен качып кетип, бир күндөн кийин Кара-Көл шаарындагы турак жайлардын биринин чатырында жаткан жеринен кармалган.
Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды