Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон башчысынын мурдагы кеңешчиси Зеленскийге жагымсыз кабар айтты

Буга чейин Макгрегор Украина армиясы аскерлеринин арасында качып кеткендер көбөйгөндүгүнөн улам урап, жок болуунун босогосунда турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украинадагы жаңжал АКШнын аскердик корун түгөттү. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор X социалдык тармагына жазды.
"Биз Украинага дээрлик баарын: аскердик курал-жарак, ок-дарынын бардыгын жөнөттүк. Бизде аз эле калды. Украинадагы согушта жеңилүү болду", — деген ал.
Буга чейин Макгрегор Украина армиясы аскерлеринин арасында качып кеткендер көбөйгөндүгүнөн улам урап, жок болуу босогосунда турганын билдирген. Пентагон башчысынын экс-кеңешчисинин айтымында, жаракат алгандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан командирлер туткунга бүтүндөй бир бөлүктү таштап кетип жатат.
Москва Украинага Батыштан берилген аскердик жардам аталган өлкөгө эч кандай жакшылык алып келбей турганын, тескерисинче, жаңжалды создуктурарын айтып-деп келет. Ал эми курал-жарак ташыган ар бир транспорт Россиянын армиясы үчүн мыйзамдуу бута болорун эскертишкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады