Россиянын көмөгү менен Кыргызстандын эки жараны Газадан эвакуацияланды

Эвакуацияланган мекендештерди Москвадан Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Газа секторунан Египет аркылуу Каир — Москва маршруту менен Кыргызстандын экижараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта жарандарды эвакуациялоо Кыргызстандын ТИМи, КРдин Сауд Арабиядагы элчилиги жана Каир шаарындагы Россиянын диломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин жыйынтыгында болгону айтылат.
Россиянын өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация рейси РФ борборуна келгенде мекендештерди Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырган.
“Кыргыз тарап жарандарын Газа тилкесинен ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирет. КРТИМи Газадан чыгып кетүүгө ниеттенген кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча иштерин улантат”, — деп билдиришти тышкы саясат боюнча ведомстводон.
Израиль бошотулгандардын арасында мурда каза болду делген кыз бар экенин билдирди