Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада: Лондон Киевди 2022-жылы жаңжалды токтотпоого көндүргөн

“Слуга народа” фракциясынын башчысынын айтымында, Украинадагы жаңжал 2022-жылы эле соңуна чыкмак.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украинадагы согуш былтыр жазда бүтүшү мүмкүн болчу, бирок Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Киевди Россия менен тынчтык келишимине кол коюудан баш тартууга көндүргөн. Мындай пикирин 1+1 телеканалына берген маегинде “Слуга народа” фракциясынын башчысы, Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин мүчөсү Давид Арахамия билдирди.
“Финляндияга окшоп нейтралитетти кармап, НАТОго кирбейбиз деп милдеттенме алсак россиялыктар согушту токтотууга даяр болчу. Бул негизги пункт эле. Мындан тышкары, Стамбулдан кайтып келгенде Жонсон Киевге келип “биз алар менен эч нерсеге кол койбойбуз, болгону кармашалы” деген”, — деп билдирген Арахамия.
Ошондой эле парламентарийдин айтымында, Украина да ок атышууну токтотууга макул болгон жок, анткени “бул өлкөнүн блок макамын көрсөткөн Конституциясына карама-каршы келет”.
Орус-украин консультациялары өткөн жылдын февраль айынын аягында башталган. Делегациялар Беларуста эки жолу бетме-бет жолугушууну өткөрүшүп, андан кийин аларды күн сайын видеоконференция аркылуу улантуу чечими кабыл алынган.
Март айынын аягында тараптар Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский Украина келечектеги келишим боюнча жазуу жүзүндө сунуштарын бергенин билдирген. Москва муну алдыга кадам катары баалаган жана жалпысынан Киев режими көп жылдардан бери биринчи жолу сүйлөшүүгө умтулуусун көрсөткөн деп эсептеген.
Буга жооп катары Россия Украинага эки кадам таштаган. Биринчиден, Киев жана Чернигов багыттары боюнча аскердик операцияларды олуттуу кыскартуу чечимин кабыл алган. Экинчиден, Москва Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун тышкы иштер министрлери келишимге кол коюу менен бир убакта өткөрүүнү сунуштаган.
Бирок кийинчерээк тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина сүйлөшүү процессин жайлатыш үчүн өзүнүн сунуштарын четке кагып, көптөгөн провокацияларды жасаганын билдирген. Министрдин айтымында, Киев Москва менен келишимдин долбоорун сунуштаган. Анда Стамбулдагы жолугушууда жазылган Крымга тиешелүү жоболор четке кагылган. Мындан тышкары, Украина Россиянын макулдугун алуу зарылдыгын көрсөтпөй туруп аскердик машыгууларды өткөрүү боюнча жобону өзгөрткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысынын мурдагы кеңешчиси Зеленскийге жагымсыз кабар айтты