Алты жылдан бери издөөдө жүргөн. Милиция издеген кишини атайын кызмат кармады

Кылмышка кошо катышкандар учурда изделип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен Ички иштер министрлиги бир нече жылдан бери издеп жаткан кыргызстандыктын кармалганын билдиришти.
14-ноябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген шек менен каракчылыкка катышкандыгы үчүн 2017-жылдан бери изделип жаткан Ч.А.Т. аттуу киши колго түшкөн.
“Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А.Т. ушул жылдын жайында адамдар менен сүйлөшүп алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Кыргызстанга кирген. Андан соң контрабандалык жол аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка кошо катышкандар изделип жатканы айтылды.
Июнь окуясында элге кол салып, мыкаачылык менен өлтүргөн деп 6 адам кармалды