Каракол менен Италиянын Кальяри шаарлары кызматташмакчы

Элчи Таалай Базарбаев соода-экономикалык, туристтик тармактардагы эки тараптуу алаканы тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Каракол менен Италиянын Кальяри шаарлары ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө келишимге кол коюлганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Келишимдин алкагында эки калаа соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык, ошондой эле туризм жана спорт тармактарында алакасын арттырмакчы.
1 / 2

Каракол менен Италиянын Кальяри шаарлары ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө келишимге кол коюлганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады

2 / 2

Келишимдин алкагында эки калаа соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык, ошондой эле туризм жана спорт тармактарында алакасын арттырмакчы

Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен сентябрь айында эки калаанын ортосунда “Достук жана кызматташуу боюнча” келишим түзүлгөн. Анын алкагында Кальяри мэри Паоло Труццинин чакыруусу менен 22-ноябрдан 25-ноябрга чейин Караколдун башчысы Чыңгыз Бапаев ал шаарда болуп келди.
Кыргызстандын делегациясынын курамына Каракол мэриясынын өкүлдөрү, ишкерлер кирген. Иш сапардын алкагында алар Сардиния аймагындагы айыл чарба ишканаларына да барып, Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон италиялык ишкерлер менен жолугушкан.
Элчи Таалай Базарбаев эки тараптуу соода-экономикалык, туристтик тармактарда алаканы тереңдетүү зарылдыгын белгилеген. Кальяри мэри бардык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин жана көмөк көрсөтөрүн билдирген.
Жылына 50 миң турист келген Каракол паркына үч тилде маалымат такталары илинди