БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Вирустук инфекциялар күчөгөн маалда баланын иммунитетин кантип көтөрүү керектигин педиатр Андрей Продеус Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берди.
Адис баланын өзү эле эмес, үй-бүлөнүн бардык мүчөсүнүн эмдөөдөн өтүшү коргоонун эң жакшы жолу экенин айткан.
"Үй-бүлөнүн бардык мүчөсү эмдөөдөн өтүшү керек. Эгерде үйдөгүлөрдүн жарымы вакцина албаса, баланын ооруга чалдыгып калуу коркунучу эки эсе жогорулайт", — деген дарыгер.
Ал ошондой эле балдар уйку режимине өтө сезгич келерин эскерткен. Тактап айтканда, чүрпөңүздүн режими бузулуп, аз уктаса иммунитети төмөндөп кетет.
"Саат 23:00дөн түнкү 3кө чейин бала укташы керек. Ал убакта клеткалар калыбына келип, сөөк өсөт. Олку-солку уйку режиминде клеткалар калыбына келүүгө жетишпей, иммунитет алсырай баштайт", — деген Продеус.
Мындан тышкары, таза абада сейилдөө, туура тамактануу зарыл. Балдарга өзгөчө курамында темир, D витамини болгон азыктар берилиши сунушталат.