БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу өсүүдө. Бул тууралуу "Рассказываем о ЕАЭС" Telegram каналында айтылат.
Январдан сентябрга чейин (2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) биримдик боюнча жалпы жүргүнчүлөрдү ташуу 13,1 пайызга өскөн. Ошондой эле улуттук көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда:
Кыргызстан — 9,2 пайызга;
Армения — 1,8%;
Россия — 12,9%;
Казакстан — 12%;
Беларусь — 9,4%.
Ошондой эле Кыргызстанда жүк жүгүртүү 8,7 пайызга, Казакстанда 3,1 пайызга өскөн.