Айгүл-Тоо коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себилди. Сүрөт

Иш-чарага ведомство өкүлдөрүнөн сырткары коомчулук, жергиликтүү жашоочулар да катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Баткен облусундагы Айгүл-Тоо ботаникалык коругуна Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында анын уруктары себилди. Бул туурасында маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду таратты.
Бул саамалыкка Туризм департаментинин, Туризмди өнүктүрү фондунун, Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын өкүлдөрү, Курманжан жана Кара-Булак айылдарынын ардактуу эс алуудагы мугалимдери, Баткен райондук токой чарба кызматкерлери катышкан.
1 / 2

Баткен облусундагы Айгүл-Тоо ботаникалык коругуна Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында анын уруктары себилди

2 / 2

Бул туурасында маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду таратты

“Иш-чарада Айгүл гүлүнүн жок болуп кетүүсүн алдын алууга көп эмгек жумшап, корукка киргизген мектептин ардактуу мугалимдери жана Кара-Булак айылынын жашоочуларына, Баткен токой чарбасынын кызматкерлерине ыраазычылык айтылды”, — деп кабарлашты фонддон.
Мындан сырткары, ботаникалык коруктун кызматкерлерине атайын формалар жана аспаптарды тапшырышкан.
Эске салсак, Айгүл-Тоо ботаникалык коругуна үч жылга чейин кирүүгө тыюу салынган. Бул Баткен токой чарбасынан уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жаткан аракет экендигин айтышкан.
Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал аймак Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жыл сайын апрель айынын башында алгачкы гүлдөрүн ачат. 12-апрелден тарта гүлдөп, бул кооздук эки жумага гана созулат.
Белгилей кетсек, Айгүл-Таш мамлекеттик коругунун аянты – 253,9 гектар. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийин 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
Ажайып кооз! Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү. Сүрөт