“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына апасынын албууттугунан тажап, анын тынч өмүр сүрүшүн каалаган бой жеткен кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен 25 жаштамын. Үйдүн экинчисимин, улуу байкем үйлөнүп, бөлүнүп кеткен. Иним студент. Өзүм турмушка чыга элекмин. Мамлекетик кызматта иштейм. Жумушум жакшы. Атам каза болуп калган. Агам өзү менен өзү, бизге деле киришпейт. Үй-бүлөсүн багып, эки баласын карап жашап жүрөт. Жаман көрбөгүлө, ачык эле айтайын, менин көйгөйүм — апам. Апамды жакшы көрөм. Өмүр бою соода-сатыкта иштеп, бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Атабыз жоош, өзү менен өзү болуп жүрө берген, эч кимге зыяны жок адам эле. Кесиби айдоочу болчу. Апамды түшүнгөнгө аракет кылам. Жоош, жетим балага турмушка чыкты. Бирок аялдык амбициясы менен балдарын эч кимден кем кылгысы келбей, элдин алды болуп жашоону каалады. Турмуш апамды ушундай тарбиялады. Көр тириликтин, сооданын айынан дайым ар ким менен салгылашып жүрүп психологиясы да ошого көнүп калган. Бир нерсе болсо дароо атырылып, бизди коргоого өтөт. Биздин райондогулардын баары апамды жаман көрүшөт. Анткени өзүнүн жемин жедирбейт, бирок бирөөнүкүн тартып алышы мүмкүн. Мыйзамды да кыйын билет. Кимиси болсо ордуна коёт. Ошол эле учурда дайыма “разборкада” жүрөт. Ортодо бир аз жер менен бизнес кылып жиберген. Ошонун айынан ич ара ызы-чуулары бар өңдүү. Азыр 55 жашка чыгып калды. Кээде карап апамды аяйм. Аялдык тынч, бактылуу жашоону жашабастан өмүрүн түйшүк менен өткөрдү. “Эми биз чоңойдук, эч нерседен кабатыр болбой тынч эле жашачы” дейбиз. Бирок болбойт. Кайра эле эки күндүн биринде телефонуна ызылдашкан, каргаган аялдар чалат. Өзү да “сеники туура, меники туура” деп эле урушуп отурат. Ошентсе да балдарына жакшы сүйлөйт. Баарыбызды кесипке ээ кылып, жакшы окуу жайларда окутту. Агама үй сатып берип, бөлдү. Башка эле бирөөлөр “убалым жалгыз кызыңа жетсин” деп кээде мени каргашат. Апамдан себебин сурасам, ”акмактар, көрө албастар ушинтип сүйлөй берет. Азыр эч ким көрө албайт. Жемиңди алдырба, атаңдай жоош болбогула. Мен силер үчүн туруп берем, окууңарды жакшы окуп, иштей бергиле” деп коёт. Адамдардын баарынан шек санап карайт. Бирок мындай жашоодон тажап кеттим. Жаман сөздөрдү айтпай, кайсы бир бүтпөй жаткан документтер менен алпурушпай жөн гана эс алып жашагандарга суктанам. Мен антип жашай берсем болот, бирок апамдын жайдары жүрүшүн каалайм. Психолог бул кишини өзгөртө алабы? Турмушка чыксам кайын журтум апамды мындай аял катары көрүшүн каалабайм. Анан да каргыштардан коркуп кетем.
Психолог Гүлнара Жасоолова: Саламатсызбы! Көбүнчө балдар ата-энесинин басып өткөн жолун түшүнө албайт, тескери кабыл алып жүрүм-турумун жактырбайт. Каттын ээси апасын туура түшүнүп, баёолук бала сезими менен апасына жардам бергиси келип жатканы байкалып турат. Качан гана адам өзүнүн психологиялык абалын түшүнүп, эмне үчүн мынчалык өзгөргөнүн, эл менен болгон мамилесин анализдеп, ошондо гана түзөлүүгө аракет кылса болот. Мындай адам оңолуп кетет. Ал эми башка бирөө айтканда кандай болсом ошондой болом жана болушум керек деп көшөрүп, максат кылышат. Ал эми балдарга “ мен бармын, бир нерсе болсо мен жооп берем” деп айтуу туура эмес. Балдардын жаш курагына да жараша болот. Ар бир адам өзүнө туура мамиле жасаганды үйрөнсө, жаш курагы да ошого жараша калыптанып кете баштайт. Кичинесинен эле бирөөгө таянып көнүп калган бала эч качан өз алдынча боло албай калат. Апаңызга психологдун көмөгү керек экени байкалып турат. Бирок бизге келүү үчүн ал кишинин өзүнүн каалоосу болушу керек. Эмоционалдык абалын турукташтырууну каалаган адамдар эмгегинин акыбетине жете алат. Сиз кийин кайын журтуңуздун сөзүнөн да кооптонуп турасыз. Баарына эле апаңыздын мындай болуу себебин, бала чагын түшүндүрө албайсыз. Ар бир адам мүнөзүнө, жашоону кабыл алуусуна жана көз карашына жараша калыптанат жана өмүр сүрөт.