Акылбек Жапаров Улуу Британияга кетти. Себеби

Өкмөт башчы кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британиянын Кардифф шаарына кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британиянын Кардифф шаарына кетти

2 / 3

Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты

3 / 3

Жапаров Лондон шаарында боло турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча XI эл аралык конференцияга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөмөкчү

Жапаров Лондон шаарында боло турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча XI эл аралык конференцияга катышып, тоо-кен тармагы боюнча сөз сүйлөмөкчү.

“Жапаров ошондой эле кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында тоо-кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы, соода тармактары боюнча Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт”, — деп айтышты маалымат кызматынан.

Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын сүйлөшүүсүндө көтөрүлгөн негизги маселелер