Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык сенатор: жардамга Израилге караганда Украина көбүрөөк муктаж

Кардин эки өлкөгө тең Вашингтондун колдоосу керек деп эсептейт, бирок анын деңгээли ар башка болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ Киевге токтоосуз жардам жөнөтүшү керек. Украинага салыштырмалуу Израилдин абалы анча оор эмес, ал өзүн-өзү коргой алат. Бул тууралуу АКШ сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Бен Кардин айтканын РИА Новости жазды.
The New Yorker журналына маек курган сенатор Израиль да, Украина да АКШнын жардамына муктаж экенин, бирок анын деңгээли ар башка болуп жатканын белгилеген.
"Израилге да жардам беришибиз керек, бирок өзүн-өзү коргоо жөндөмүн карай келсек, алардын абалы анча кыйын эмес. Азыр Украинага колдоо көрсөтүү зарыл болуп турат, муктаждыгы күч. Киевдин абалы өтө начар экенин мойнубузга алышыбыз керек", — деди Кардин.
Буга чейин Bloomberg Украинага жардам берүү боюнча чечим кабыл алуу декабрдын ортосуна чейин созулуп кетиши мүмкүн экенин жазып чыккан. Басылма Украинаны колдоо абалдын туңгуюкка кептелишинен улам басаңдап кеткенин белгилеген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: Киев эми Москванын талабына көнүүгө аргасыз болот