БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-ноябрда, Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылардын жолугушуусунда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери жана анын келечеги талкууланган. Алиев эки тараптуу мамиленин динамикасы Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин бири-бирине канчалык жакын экенин ачык көрсөтүп турарын айтып, эки өлкөнүн кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканына токтолгон. Ал келерки жылы Садыр Жапаровду Азербайжанда мамлекеттик сапары менен күтүп жатканын кошумчалаган.
Өз кезегинде Жапаров акыркы жылдары мамлекеттер аралык мамилелер болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин канааттануу менен белгилеген.
"Быйыл эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу айтып жатып, өлкө башчы бул аралыкта жакшы жетишкендиктер болгонун билдирди. Президент былтыр октябрда Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн эске салды. Учурда уюштуруу, укуктук жана финансылык маселелерди жыйынтыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Бул контекстте Садыр Жапаров компетенттүү органдарга фонддун ишин практикалык ишке киргизүүнү тездетүүнү жана эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду ишке ашырууга киришүүнү сунуш кылган. Жыйынтыгында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү уланта берүү зарылдыгына токтолушкан.
Эске салсак, Садыр Жапаров Баку шаарына БУУнун Борбор Азиянын экономикасы боюнча атайын программага кирген (СПЕКА) өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн барды.