Уникалдуу геосаясий позициядабыз. С. Жапаров Бакудагы саммитте сүйлөдү

Мамлекет башчы Борбордук Азия аймагынын мезгил өткөн сайын дүйнөдөгү стратегиялык мааниси жогорулап жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикасы боюнча атайын программасына кирген (СПЕКА) өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде сөз сүйлөп, бир топ актуалдуу маселелерге токтолду.
Алгач Азербайжан тарапка салттуу меймандостугу, Бириккен Улуттар Уюмунун аталган программасына активдүү, ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы, юбилейлик саммитти мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Ал бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагынын мезгил өткөн сайын дүйнөдөгү стратегиялык мааниси жогорулап жатканына токтолгон.
"Биз транзиттик каттамдарды, соода алмашууну өнүктүрүү жана экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу геосаясий позициядабыз", — деген Жапаров.
СПЕКАнын экономикалык туруктуулукту чыңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону колдоого, Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбор Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун белгилеген.
"Дүйнөлүк экономикалык системаны масштабдуу трансформациялоо учурунда биздин өлкөлөрдүн ички дарамети экономикалык активдүүлүктү кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берсе, заманбап чакырыктар көз алдыбызда жаңы перспективаларды ачып жаткандыгын белгилеп кетким келет", — деген президент.
Учурда эл аралык сооданы, транзиттик ташууларды илгерилетүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптик технологияларды киргизүү жана аймактык интеграция аркылуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн өбөлгөлөрдүн бар экендигине токтолгон.
Кызматташтыкты кеңейтүүдө жана коңшу өлкөлөр, региондор менен болгон байланыштарды бекемдөөдөгү перспективалар туурасында кеп кылган.
"Албетте, бул биздин рынокторду көбөйтүүгө, билим жана тажрыйба алмашууну жакшыртууга, ошондой эле өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет. Эл аралык транспорттук коридорлорду диверсификациялоонун зарылдыгы Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу бойдон калууда", — деп белгилеген Жапаров.
Бул бир же бир нече транзиттик каттамдардан көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берерин, экономикалык туруктуулукту, коопсуздукту жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү менен бирге жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы тобокелдиктерди азайтарын айткан.
"Бул контекстте биздин өлкө, региондун башка коңшу өлкөлөрү үчүн "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ. Бул мегадолбоорду кыска жол менен ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат, болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет", — деген президент.
Андан сырткары, Түштүк Транскаспий коридорун Кыргызстандан жана Кытайдан Европа өлкөлөрүнө, Грузияга, Азербайжанга автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн пайдалануу пландары тууралуу айткан.
"Региондогу өлкөлөрдүн ар биринин өзгөчөлүктөрүн эске алып, СПЕКА тарабынан укуктук режимдерди шайкеш келтирүү жолу менен, анын ичинде бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мультимодалдык транспорттук ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө дем берүү маанилүү", — деп белгилеген Жапаров.
Садыр Жапаров Илхам Алиев менен жолугуп, мамиле бекемделгенин айтты