Россия менен Кыргызстан мектептеги ысык тамак боюнча кызматташмакчы

Буга чейин Россия Кыргызстанга БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча 10 миллион доллар бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия мектепте окуучуларга ысык тамак берүү программасы боюнча мындан ары да кызматташат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШга мүчө өлкөлөрдүн мектептеги тамактандыруу боюнча "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн форумунда билдирди.
Министр балдарга ысык тамак берүүнү жакшыртуу боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын бюджети 10 миллион долларды түзүп, бул каржылык жардамды Россия көрсөткөндүгүн эске салды. Башка донорлор да болуп, Корея программага кошулууга даяр экендигин кошумчалады. Министрден Россия менен кызматташууну улантуу жана кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан-жатпаганын сурашты.
"Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мектепте балдарга ысык тамак берүү боюнча сунушталган демилге жаатында эки тараптуу кызматташуу сөзсүз уланат", — деди ал журналисттерге.
Министр балдарга ысык тамак берүү боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгү да көбөйө тургандыгы кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө балага бөлүнгөн бюджеттик камсыздоону колдоп, көлөмүн көбөйтүү талкууланып жатат", — деди Кендирбаева.
Маалыматтарга таянсак, бул программа учурда 600 миң баланы камтыган. Алар өлкөдөгү мектептердин 82 пайызын түзөт.
Россия кыргызстандык окуучуларга ысык тамак берүүгө 15 млн. доллар бөлмөкчү