Россия бир нече өлкөлөрдөгү окуучулардын тамактануусуна 100 млн. доллар бөлдү

Жардам Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана бир катар республикаларга берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия акыркы он жылда бир канча мамлекеттердеги (анын ичинде Кыргызстан да бар) окуучулардын тамактанышы боюнча долбоорго 100 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул туурасында РФтин агартуу министринин орун басары Денис Грибов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КМШга мүчө өлкөлөрдүн окуучуларды тамактандыруу маселесине арналган форумунда билдирди.
Ал мектептеги ысык тамак темасы Россиянын эл аралык кызматташуусунун күн тартибинде туруктуу турарын белгиледи.
"Россия 10 жылдан ашуун убакыттан бери өкмөттөр жана ишенимдүү өнөктөш Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен масштабдуу долбоорду ишке ашырып келет. Бул Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана бир катар өлкөлөрдө жасалууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык жактан көмөктөшүүгө бир топ акча бөлүнөт. 10 жылда анын жалпы суммасы 100 миллион доллардан ашты", — деп кошумчалады министрдин орун басары.
Россия Кыргызстандын окуучуларга ысык тамак берүү тажрыйбасын колдонушу мүмкүн