Александр Пушкиндин 225 жылдыгына карата Куурчак театры орус акынынын "Падыша Салтандын камкордугу" жомогун сахналаштырып жатат. Спектаклдин премьерасы ушул жылдын 5-декабрында болорун Болот Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, гранттык каражаттын 3 миллион рубли жаңы спектаклдерди коюуга, калганы көрүүчүлөр залынын отургучтарын алмаштырууга, жарык берүүчү жабдууларды алууга жумшалат.
"Россиянын Маданият министрлигинин алдындагы "Русские сезоны" автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына гранттык негизде 9 миллион 600 миң рубль бөлүп берди. Анын 3 миллион рубли жаңы спектаклдерди коюуга, калганы көрүүчүлөр залынын отургучтарын алмаштырууга, жарык берүүчү жабдууларды алууга жумшалат. Каржылоо үч этаптан туруп, учурда Александр Пушкиндин 225 жылдыгына карата Куурчак театры орус акынынын "Падыша Салтандын камкордугу" жомогун сахналаштырып жатат. Спектаклдин премьерасы ушул жылдын 5-декабрында болот. Спектаклдин режиссёр-коюучусу жана инсценировкасынын автору КР эл артисти Валентина Анникова. Бардык даярдык иштери кызуу жүрүп жатат", — деди Куланбаев.
Ошондой эле адис Куурчак театрына өкмөттөн 2,6 миллион сом бөлүнүп, жаңы спектаклдер сахналаштырылып жаткандыгын кошумчалады.