Байсалов: Россия Кыргызстанга бардык багыттар боюнча колдоо көрсөтүп келет

Ал мектептердеги тамак-аш маселеси боюнча Россия негизги донорлордун бири экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдоо көрсөтүп келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын тамактануусу боюнча форумда билдирди.
"Учурдан пайдаланып эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип кетейин. Эң оболу ушул процесстер үчүн БУУнун Азык-түлүк программасына рахмат айтам. Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россияга өзүнчө ыраазычылык билдирем. Бул мамлекет эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдоо көрсөтүп келет", — деген Байсалов.
Ал мектептердеги тамак-аш маселеси боюнча Россия негизги донорлордун бири экенин белгиледи.
Уфадагы ЖОЖго тапшыруу үчүн Кыргызстандын окуучуларына грант берилиши мүмкүн