Кыргызстанда мал союучу жайлар текшерилип, 28и жабылды

Учурда өлкөдөгү бардык мал союучу жайлар текшерилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ветеринардык кызмат өлкөдөгү 100 мал союучу жайды текшерип, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 28 жайды убактылуу жапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ведомство жарандардан түшкөн арыздардын негизинде мал союлуучу жайларга күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында талапка жооп бербеген жайлар аныкталган.
"Ысык-Көл облусунда бир мал союучу жайга бардык. Эч жерде каттоодо турган эмес, көп жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген. Бул жөнүндө кененирээк маалымат беребиз. Ал жерде союлган малдын эти Бишкекке жөнөтүлүп турган", — деди ветеринардык кызматтын директору Улукбек Кожобергенов.
Ветеринардык кызмат мындай текшерүүлөрдү республика боюнча жүргүзүп жатканы айтылды.
Кыргызстан сүт, эт багытын кантип илгерилете алат? Бишкектеги форумдун видеосу