ЕАЭБде электромобиль ташууга жеңилдик берүү 2025-жылдын аягына чейин узартылды

Жеңилдиктин мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктамак, бирок аны узартуу чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Электромобилдерди ЕАЭБ ичинде бажы алымысыз ташуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечимди ЕЭКтин кеңеши кабыл алган (курамы ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлеринен турат).
"Бажы төлөмүнөн Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашагандар гана бошотулат. Электромобилге ээлик кылуу, аны пайдалануу укугун Россияда туруктуу жашаган же жарандыгын алган жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат", — деди маалымат кызматтан.
Жеңилдиктин мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктамак. Эгер аны узартуу чечими кабыл алынбаса, ставкасы электромобилдин бажылык наркынын 15 пайызын түзмөк.
Кыргызстандын ЕАЭБдеги тышкы соода жүгүртүүсү 814 млн. долларды түздү