БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады.
Эл өкүлү мыйзам долбоорун иштеп чыккан, документ учурда коомдук талкууда.
Маалым кат-негиздемеде өлкөдө турмуштук татаал кырдаалда турган жарандар көп учурда экстрасенс жана сыйкырчыларга кайрылып, жыйынтыгында аларга алданып жапа чегип жатканы жазылган.
Мындан улам шамандык, төлгө салуу, спиритизм, көзү ачыктык жана магияны интернет же ЖМКлар аркылуу жарнамалоого чек коюу сунушталган. Депутат мыйзам долбоорун алдамчылыкка жол бербөө максатында иштеп чыкканы айтылды.