Антибиотиктер бактерияларды өлтүрүү же көбөйүүсүнө тоскоол болуу үчүн иштелип чыккан. Бирок антибиотиктерди туура эмес колдонуудан улам микробго каршы туруктуулук пайда болуп, бактериялар бара-бара мутацияланып, дарыларды көп тоотпой калат. Мындан инфекцияларды дарылоо кыйындап, оорунун жайылышы жана өлүм коркунучу жогорулай турганын Мирбек Нышанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биринчи антибиотик Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда пайда болгон.
"Пенициллиндин аркасы менен миллиондогон адамдын өмүрү сакталган. Бирок бүгүнкү күндө бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугу деген маселе пайда болду. Башкача айтканда, мындай инфекцияларды дарылоо кыйыныраак, анткени бактериялар дарыга реакция бербей калат. Аны натыйжалуу дарылоо үчүн жогорку дозада же күчтүү жана кымбатыраак башка дары-дармектер талап кылынат. Андыктан антибиотиктерди кабыл алган сайын көзөмөл жүргүзүп, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана дозаны көбөйтпөй, толук сакая электе эле токтотуп койбой ичүү керек, бир адамга жазылган антибиотикти башкалар колдонбошу кажет. Болбосо келечекте адамзат бактериялык ооруларды дарылоодо бир да дары-дармек жардам бере албай калган кооптуу абалга туш болушу ыктымал", — деди Нышанбаев.
Ал кыргызстандыктар амоксициллин, цефтриаксон антиобиотиктерин рецептисиз эле ашыкча көп колдонушарын кошумчалады.
ДССУ тарабынан 18-24-ноябрь күндөрү микробго каршы препараттарды туура колдонуу боюнча дүйнөлүк жумалык жарыяланган.