"ЦУМ-Айчүрөк" соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

Колго түшүрүлгөн аял "Сити Центр" ЖЧКсынын да башкы директору.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы "ЦУМ-Айчүрөк" соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн аял "Сити Центр" ЖЧКсынын да башкы директору.
Ал Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алынган кирешелерин адалдаштыруу фактысы боюнча жүрүп жаткан ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кармалганы белгиленди. Ишкер аялга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу") негизинде айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Сити Центр" ЖЧКсы "ЦУМ" соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат. Кармалган аял ЦУМдагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенчү. Учурда бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө", — деп жазылат кабарда.
Буга чейин "ЦУМ-Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Габбазовго тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.
Көлбаевдин 720 батири жана унаалары Маммүлккө кантип өткөнүн түшүндүрүштү