БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мэрия "Фостердик үй-бүлө" долбооруна катышууну каалагандар өздөрү жашаган райондун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө кайрылса болорун айтып, телефондорун жарыялады.
Биринчи май району — Жибек Жолу проспектиси, 348. Логвиненко көчөсү менен кесилишет. Телефону 0(312) 67-03-86;
Ленин району — Интергельпо көчөсү, 7. Телефону 0(312) 88-38-99;
Свердлов району — Чүй проспектиси, 28. Телефону 0(312) 53-05-76;
Октябрь району — Байтик баатыр көчөсү, 17. Медеров көчөсү менен кесилишет. Телефону 0(312) 51-03-75.
Мэриянын маалымат кызматы ордо калаада жакында эле жашы жете элек үч бала фостердик үй-бүлөгө өткөрүп берилгенин билдирди.
Фостердик үй-бүлө кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен, таштаарга жери жоктордун балдарын да карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.
Мындай балдарды карап жатканы үчүн фостердик бүлөдөгү ата-эненин бирөөнө гана мамлекет айына айлык чыгарып берип турат. Ал акчадан социалдык фондуга кармалат да, кийин пенсиясына кошулат. Ошондой эле асырап алган ар бир балага айына жөлөк пул каралган.
Долбоорго катышам дегендер Кыргызстандын жараны болууга тийиш жана жашы 35-65ке чейин болушу шарт.