УКМК: Баткенде облус башчынын кеңешчиси 200 миң доллар пара алып жатып кармалды

Кеңешчи көмүр казган ишкананын директорун "лицензия алуу үчүн документин бурмалады" деп Ташиевге арыз жаза турганын айтып коркуткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Опузалап 200 миң доллар пара алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Опузалап 200 миң доллар пара алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды

2 / 2

Билдирмеге караганда, облус башчынын кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн

Билдирмеге караганда, облус башчынын кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында М.Т.А. кызмат абалынан пайдаланып Кыргызстандын эки жараны менен көмүр казган ишкананын жетекчисин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге "ишкананы рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады" деп арыз жазарын айтып коркутуп, андан ири суммада акча талап кылышкан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
УКМК пара алды деп сот аткаруучуну кармады