БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Эстония, Литва жана Латвиянын дээрлик бардык аймагы Балтика боюндагы чабуул койгон операциянын жүрүшүндө 1944-жылы 24-ноябрда бошотулуп бүткөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндөгү бул маанилүү учурдун тарыхый видеосун Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Согушта немецтердин "Түндүк" деп аталган тобунун 26 дивизиясы зыян тартып, дагы үчөө толугу менен жок кылынган. Советтик аскерлер Германиянын чыгыш тарабындагы чектерине жетишкен. Немецтик бөлүктөрдүн калган-катканы "Курляндия курчоосуна" кептелген. Алар 1945-жылдын 10-майында гана колго түшүп беришкен.
Аймакты бошотуу 71 күнгө созулуп, фронт 1000 чакырым жайылса, ал эми тереңдеп кирип барган жерлери 400 чакырымга жеткен.
Балтика боюндагы операциянын аякташы бир топ адамдар менен аймактарды гитлерчилерден эле бошотпостон, Кызыл армияны да Улуу Жеңишке жакындаткан.