ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча прогрессин кубаттайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча прогрессин кубаттайт. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУнун саммитинде билдирди.
"Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы биргелешкен чек ара жаатындагы жакшы прогрессин кубаттайбыз. Бул ЖККУнун ыйгарым укуктарына кирген жана биздин дагы коопсуздукка тиешеси бар маселелер", — деди ал.
Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Видео