Ташиев: Женго экранга сүйлөп койгону менен кримдүйнөдөн баш тартпаптыр

Кримтөбөлдү Оштон Бишкекке алып келүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Экранга кримдүйнөнүн идеяларынан баш тартам деп сүйлөп коюп, бирок токтотушкан эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай аракеттерди Женго каймана аты бар Кадыр Досоновдон байкаганын билдирди.
Мындан улам кримтөбөлдү Оштон Бишкекке алып келүү иштери жүрүп жатканын айтты.
"Женго баш тартарын (кримдүйнөдөн – ред.) баарынын алдында айткан. Жок, ал баш тартпаптыр. Экранга айтып коюп эле ишин мурдагыдай улантып жатат. СИЗОдо отуруп алып бизнесмендерди, кылмышкерлерди башкарып турган. Мен аны улантпай тургандай, эч качан кылмыштуу топтордун лидери болбогудай кылам", — деди УКМК төрагасы.
Мындан башка да "идеядан кайттык" деп коюп эле кайрадан "алектене" баштагандар бар экенин белгиледи. Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ болбойт деген убадасына бек турарын эскертти.
Атайын кызматтын башчысы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүгө эки жыл даярданганын кошумчалады. Мындай иштер алдыдагы эки жылда жигердүү жасалып, 2026-жылы өлкө криминалы жок тынч болорун белгиледи.
Эске салсак, Женгонун кримдүйнөнүн идеяларынан баш тартып, мыйзам менен жашаары туурасында айткан видеосу октябрдын башында жарыяланган.
Бир тал чачы түшпөйт. А.Жапаров Ташиев өзгөчө кайтарууга алынганын билдирди. Видео
Теги: