Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина күчтөрү жогорку кызматтагы россиялык офицерди жардырууну пландаган

Украиналык күчтөр ага россиялык аскерий жетекчинин жашаган жерин билип жана өлтүрүү милдетин таккан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку кызматтагы офицерин өлтүрүү иштерине камылга көргөн 28 жаштагы украиналык киши Воронежде кармалды. Бул туурасында РИА Новости ФСБнын маалымат кызматына таянып жазды.
Жакында Украинанын атайын кызматынын диверсиялык-террордук акт жасоого пландалган аракети токтотулду. Ал Воронежде жогорку кызматтагы аскер кызматкерин жок кылууга багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган кишинин жашаган жерин тинтүү учурунда бир килограммдан ашык жарылуучу заттар, электр детонаторлору, терактыны жасаган соң өлкөдөн чыгып кетүү үчүн даярдалган Россиянын жасалма паспорту табылган.
Ведомство кармалган киши 2022-жылдын сентябрында Харьков облусунда Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан азгырылганын билдирди. Ал кылмыштуу тапшырманы алгандан кийин Россияга жол тарткан.
Украиналык күчтөр ага россиялык аскерий жетекчинин жашаган жерин билип жана жардыруучу заттарды колдонуу менен өлтүрүү милдетин таккан.
Башкалардын көзүнө илине бербеш үчүн ал тамак-аш жеткирген курьердин атайын кийими жана велосипед менен жүргөн.
Кармалгандан кийин кылмыш жасоого аттанганын мойнуна алып, Украинанын атайын кызматы менен иштешкени тууралуу көрсөтмө берип жатканы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Автоунаасы жардырылган Малов каза тапты. Херсондогу окуя