Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык экс-чалгынчы: Киев эми Москванын талабына көнүүгө аргасыз болот

Белгилей кетсек, Россия сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу эскерткен, бирок украин бийлиги ага мыйзам чегинде тыюу салган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Украина эми тынчтык макулдашуусуна эмес, Россия алдында капитуляцияга кол коюуга аргасыз болот. Мындай пикирин АКШлык экс-чалгынчы Скотт Риттер журналист Клейтон Моррис менен маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Анын айтымында, Киев сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберди, эми Москва сунуш айтпастан, талап коет.
"Украина Россия тарабынан даярдалган документке кол коюуга аргасыз болот. Ал документте өтүнүч, сунуш эмес, талаптар камтылат", — деди эксперт.
Белгилей кетсек, Россия сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу эскерткен, бирок украин бийлиги ага мыйзам чегинде тыюу салган. Кремль азырынча абалдын тынчышына эч кандай негиз жок экенин, атайын операциянын максатына жетиши Москва үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин билдирип келет. РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, Россия диалогдон эч качан баш тарткан эмес, бирок буга экинчи тарап да даяр экенин билдириши керек.
Украина бөлүнүп-жарылууга кантип кадам таштады. Видео