Ташиев УКМК кызматкерлеринин маянасын жогорулатууну сурап, себебин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттөн өзү жетектеген атайын кызматта иштегендердин айлыгын жогорулатууну сурап жатат. Бул туурасында ал парламентте билдирди.
Төраганын айтымында, атайын кызматта иштегендер өндүрүлгөн акчанын бир сомуна, буюмдардын бир топчусуна тийбей бюджетке которууда.
"Болжол менен бизге бир жылга 400 миллион сомдой керектелет экен. Биз 100 миллиарддаган сумманы алып келип жатабыз. Урматтуу депутаттар, өзүңөр карап көргүлө, "Кумтөр" 3 жылда канча тапты, ошол эле учурда УКМК аркылуу бюджетке канча акча түштү", — деди Ташиев.
Бир тал чачы түшпөйт. А.Жапаров Ташиев өзгөчө кайтарууга алынганын билдирди. Видео