Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болот

Масадыков учурда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун башкы катчысынын орун басарларынын бирине кыргызстандык Таалатбек Масадыков дайындалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Анын талапкерлигин мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бекиткендиги Минскиде өтүп жаткан ЖККУнун саммити учурунда белгилүү болду.
Масадыков учурда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү.
Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Видео