Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

Жолугушууда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 22-ноябрда Минск шаарында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле бүгүн өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартибин талкуулашты.
Президенттер Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы кызматташтыкты эки элдин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришкен.
ЖККУ өлкөлөрүнүн министрлери бир катар документтерге кол коюшту. Видео