Садыр Жапаров: бөтөн элдин кийимин туу тутпай, өзүбүздүкүн сактап калалы

Өлкө башчы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жолдоп, аны президенттин администрациясынын өкүлү окуп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды урматтап, сактап калышыбыз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" конференциясынын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда айтылат.
Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Буга байланыштуу өлкө башчы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жолдоп, аны президенттин администрациясынын өкүлү окуп берген.
"Дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорунда кыргыз иденттүүлүгүн жоготпой, бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды урматтап, сактап калышыбыз керек", — деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда.
Президент диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын алкагында заман талабын, жаңы чакырыктарды эске алуу менен орто мектептерге дин таануу сабагы киргизилгенин белгилеп, келечек муунга туура тарбия берүүгө көмөктөшүү керек экенин кошумчалаган.
Аталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышып жатканы айтылды.
Бишкекте конфессиялар ынтымагы боюнча конференция өтүүдө