БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. ЖККУ алкагында биргелешип иш алып баруу биздин мамлекеттердин жана элдердин ортосунда ынтымакты бекемдөөгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Владимир Путин ЖККУнун Минскидеги саммитинде билдирди.
"Баарыбыз 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 80 жылдыгын татыктуу белгилөөгө даярданып жатабыз деген ишеничтемин. Ал эми келерки 2024-жылы Беларусту бошотуунун 80 жылдыгы жана Ленинград блокадасын үзүүнүн 80 жылдыгы белгиленет", — деген РФ президенти.
Путин жыл ичинде ЖККУ мамлекеттери союздук байланышты чыңдоо боюнча активдүү иш алып барганын белгилеген.
"Жыйынтыгында кеңири евразиялык мейкиндикте тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого жооптуу катары ЖККУнун негизги миссиясын бекемдөөгө салым кошту", — деген Путин.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны декабрда Санкт-Петербургда өтөт.