Пресс-борбор

Министрлик: Кыргызстандагы мөңгүлөр айтылгандан эртерээк эрип кетиши мүмкүн

2050-жылга чейин Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты эки эсе кыскарары, ал эми 2100-жылга карата таптакыр жок болору айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мөңгүлөрүнөн буга чейин божомолдонгондон эртерээк ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү — министрлик кандай чара көрөт" деп аталган брифингде сүйлөгөн.
Раимкулованын айтымында, буга чейин Кыргызстандагы мөңгүнүн аянты 2050-жылга чейин эки эсе кыскарып, 2100-жылга карата таптакыр жок болуп кетүүсү божомолдонуп келген.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова
"Бүгүнкү күндө мөңгүлөр айтылгандан бир топ эрте эрип жок болуп кетиши мүмкүн болуп турат", — деди министрдин орун басары.
Ал, Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматы боюнча, 70 жылдын аралыгында музга айланган жердин жалпы аянты 16 пайызга, ал эми ири мөңгүлөр 17 пайызга азайганын кошумчалады.
ЕАӨБ: Борбор Азияда күндүн табы планетадагы орточо көрсөткүчтөн да тез көтөрүлүүдө