БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери өлкөдө тигүү тармагынын экспорту 11 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Былтыр экспорттун көлөмү 9 миллиард сомдун тегерегин түзгөн. Бул сан бир жылда кадимкидей өстү. ЕАЭБге кошулганга чейин биз Кыргызстанда тигилген кийимдерди Россиянын 64 шаарына жөнөтчүбүз. Азыр болсо товарлар бардык жерге жетти. Өсүш бар. Кандай бизнес болбосун, анын ичинде тигүү бизнесине да эки нерсе керек. Ал арзан жана узак убакытка насыя, ошондой эле түшүнүктүү оюн эрежеси. Эгер ушул эки эреже сакталса, анда бул тармак ЕАЭБде эле лидер болбостон, дүйнөлүк рынокко да чыга алат", — деген Асанов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул тармакта тигүүчүлөр эле эмес, технологдор да жетишсиз болууда. Ошондуктан кадр даярдоого көңүл буруу зарыл.