Бишкекте конфессиялар ынтымагы боюнча конференция өтүүдө

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 17 конфессия бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкадыров билдирди.
Белгилей кетсек, учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аттуу эл аралык конференция өтүүдө.
1 / 4

Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аттуу эл аралык конференция өтүүдө.

2 / 4

Иш-чаранын алдында Абдыкадыров сүйлөгөн.

3 / 4

Аталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышып жатканы айтылды.

4 / 4

"Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аттуу эл аралык конференциясы

Иш-чаранын алдында Абдыкадыров сүйлөгөн.
"Кыргызстанда ислам, христиан, иудаизмди кошкондо 17ге жакын конфессия бар", — деди Абдыкадыров.
Ал Кыргызстанда дин тутуу эркиндини өкүм сүрөрүн белгилеп, мындан улам ар кандай глобалдык чакырыктар жана коркунучтарды диндер аралык диалог менен да чечсе болорун кошумчалаган. Абдыкадыров бул иш-чара көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерине ишеним артты.
Аталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышып жатканы айтылды.
Кыргызстанда өзүмдү татар айылдарында эле жүргөндөй сезем. Муфтий Кргановдун видеосу