Радио

Банктар ислам каржылоо принциби менен депозиттик базасын түптөөдө

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин коомчулук менен иш алып баруучу менеджери Аида Жумаканова өлкөдө финансы сектору туруктуу өнүгүп, банктарда депозиттик эсеп ачкан жарандардын саны өскөнүн айтты.
Sputnik
Банктар ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттик базасын түптөп жатышат. Бул багыт боюнча коммерциялык банктардын депозиттик базадагы үлүшү 3,3 миллиард сомду түзөрүн Аида Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, агенттик жарандардын банк секторуна болгон ишенимин жогорулатуу, аманатты сактоо жана коргоо боюнча маалыматтык кампанияга басым жасап жатат.
"Министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Анда ислам каржылоо багыттары, эрежелери камтылган. Бүгүнкү күндө банктар ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттик базасын түптөп жатышат. Учурда коммерциялык банктардын депозиттик базадагы үлүшү 3,3 миллиард сомду түзөт. Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин реестринде 23 коммерциялык банк, бир микрофинансылык компания жана бир турак жай-сактык кредиттик компаниясы катталган. Анын бирөө толук ислам каржылоо принциптери менен иш алып барса, төрт банк "ислам терезеси" боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ", — деди Жумаканова.
Ошондой эле адис жарандар каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ишенимдүү инструменттерин колдонушу керектигин кошумчалады.