Бишкектеги университеттердин биринде "Русистика мектеби" ишин баштады

Долбоор Кыргызстандагы Россотрудничество агенттигинин жана "Московские классики" коомдук уюмунун өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен ишке ашып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) "Русистика мектеби" деп аталган долбоор ишин баштаганын Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Иш-чарага БМУ менен Кубань мамлекеттик университетинин окутуучулары, Бишкектеги мектептердин мугалимдери катышты. Андан сырткары, БМУнун студенттери, магистранттары жана аспиранттары болду.
1 / 3

Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) "Русистика мектеби" деп аталган долбоор ишин баштаганын Бишкектеги "Русский дом" билдирди

2 / 3

Иш-чарага БМУ менен Кубань мамлекеттик университетинин окутуучулары, Бишкектеги мектептердин мугалимдери катышты

3 / 3

Андан сырткары, БМУнун студенттери, магистранттары жана аспиранттары болду

"Мектеп үч күн иштейт. Биринчи күнү келгендер XXI кылымдагы тил илиминин актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, студенттердин маданий компетенцияларынын калыптанышын, Кыргызстандын мектептериндеги орус адабиятын окутуудагы көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
"Русистика мектебин" БМУнун, Кубань мамлекеттик университеттеринин орус филологиясы факультеттери уюштурушту. Аларга Кыргызстандагы Россотрудничество агенттигинин жана "Московские классики" коомдук уюмунун өкүлчүлүктөрү колдоо көрсөткөн.
Радио
БМУнун орус филологиясы факультетинин 44 жылдык тарыхы бар