БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өзгөчө кайтарууга алынганын айтты.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМК төрагасы кылмыштуу күчтөр менен күрөшүп жатканын айтып, буга байланыштуу анын коопсуздугуна тынчсызданып, "Ташиевди кайтаруу күчөтүлдүбү?" деп сураган.
"Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Биз Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да бир тал чачын түшүрүүгө эч кимге мүмкүнчүлүк бербейбиз", — деди Жапаров.