Жогорку Кеңеш оң рулдуу унаалар менен иштөө мөөнөтүн узартуудан баш тартты

Демилгечилер жүйөөлүү себептер болгондуктан тыюу салуу жөнүндө ченем үч жылдан бери аткарылбай жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Парламент оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө уруксат берүү мөөнөтүн узартуу демилгесин четке какты.
Депутат Дастан Бекешев баштаган депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Алар 2030-жылга чейин тыюу салбай турууну демилгелеген.
"Оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта айдоого тыюу салуу жөнүндө ченем үч жылдан бери күчүндө болсо да, иш жүзүндө аткарылган жок. Себеби коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу аткаруу мүмкүн болгон эмес. Ошондой эле тыюу салуу аткарылбаган учурда жоопкерчилик жок. Элдин социалдык-экономикалык абалы жакшырган жок жана тыюу салуу жумушсуздардын санын көбөйтүшү мүмкүн", — деп жазылган маалыматтык негиздемесинде.
Натыйжада эл өкүлдөрүнүн көбү бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, биринчи окуудан четке какты.
Жол инспекторлору жыл аягына чейин рейд өткөрөт