ЖККУ өлкөлөрүнүн министрлери бир катар документтерге кол коюшту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары Минск шаарындагы жыйындын жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Sputnik Беларусь билдирди.
Ага ылайык, саясий жана аскердик чөйрөдөгү, заманбап чакырыктарга жана коопсуздук коркунучтарына каршы туруу боюнча документтерге кол коюлган.
Ошондой эле тышкы иштер министрлери Евразия мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылууда бирдиктүү мамиле боюнча билдирмеге кол коюшкан.
Белгилей кетсек, эртең Беларусь мамлекетинде ЖККУ өлкө башчыларынын жыйыны болмокчу.
Пресс-борбор
ЖККУ штабынын жетекчиси: Афганстан ЖККУ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратпайт