БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында изделип жаткан үч жеткинчек Оштон табылганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиев, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев менен Замирбек Мамбетов изделип жаткан. Аларды акыркы жолу 12-ноябрда саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатканда көрүшкөн.
Жеткинчектер тогуз күндөн кийин табылып, ата-энелерине 21-ноябрда өткөрүп берилгени кошумчаланды.