Жалал-Абадда криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалды

Кармалгандардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында криминалдык чыр-чатактарды уюштургандар кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акыркы убакта облустун ар кайсы райондорунда жана шаар четиндеги айылдарда жаштар арасында мушташтар көбөйүп кеткен. Анда кээ бири курал-жарак, травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуп турушкан.
"Айрымдар өздөрүн кылмыштуу топтун лидери катары көрсөтсө, кээ бири Жалал-Абад шаарындагы кичи райондорду караган адам катары көрсөтүп (смотрящий), катарына спорт менен машыккан жаштар да тартылып турган", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иштерге бөгөт коюу максатында УКМК 20-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу") боюнча иш козгоп, анын алкагында 17-ноябрда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эки кишини колго түшүргөн.
"Алардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, бет каптар, ошондой эле граната табылган. Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар изделип жатат", — деп айтылат кабарда.
УКМК Бостерини "көзөмөлдөгөн" Макинтошту кармады. Видео