Ташиев акыркы 3 жылда мамлекетке 1,2 млрд. доллар кайтарылганын айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Соңку үч жылда мамлекетке 1 млрд. 200 миң доллар кайтарылды. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.
"Акыркы үч жылда уурдап, талап-тоноп, коррупциялык жолдор менен чыгарылып кеткен акчаларды мамлекетке кайтарган каражат 1 миллиард 200 миллион доллар болду. Бүгүнкү күндө анын жарымынан ашыгы казынага кайтып кирди, калганы боюнча иштер жүрүп жатат", — деген Ташиев.
Бул туурасында төрага Талас облусунда УКМКнын кызматкерлери менен чек арачыларга салынган батирлердин ачкычын тапшырып жаткан салтанатта сүйлөп жатканда айткан.
Жүздөгөн батири ипотека менен элге берилет. Ташиев Көлбаевдин мүлкү жөнүндө